Кыргызстанда 2014-жылы чиновниктердин жардамчы, кеңешчилери болуп иштеген 107 адам сынаксыз түрдө кызматтарга орношту
Кыргызстанда 2014-жылы "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга ылайык, чиновниктердин жардамчысы, кеңешчиси жана консультанты болуп иштеген 107 адам сынактык тандоосуз мамлекеттик кызматтарга дайындалышты. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы 30-январда билдирди. Маалыматка таянсак, былтыр Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери мамлекеттик органдардын сынактык-аттестациялык комиссияларынын 477 жыйынына катышкан.
"52 мекеме өз кызматкерлерин аттестациядан өткөрүштү (жалпы 2169 кызматкер). Жыйынтыгында 746 мамлекеттик кызматкерге алгачкы жолу же кезектеги класстык чиндер берилди. Аттестациядан 1770 муниципалдык кызматкер өттү, алардын 790у класстык чиндерди алууга сунушталды",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

