super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Газпромдун" Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-январда "Газпром" ААКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Кыргызстанда жаратылыш газын геологиялык чалгындоо, газтранспорттук системин өнүктүрүү максатында газ менен камсыздоо объектилерин реконструкциялоо жана куруу боюнча энергетикалык компаниянын пландары талкууланды.

“Биз өлкөнү газ менен камсыз кылууну азыркы 27 пайыздан 60 пайызга чейин жеткирүүнү пландаштырып жатабыз. Бул максатыбыз эсептелип чыккан жана негизделген. Жумуштар өлкөнүн 7 облусу боюнча эсептелип, кандай иштерди аткаруу керектигине чейин каралган. Ошондой эле биринчи кезекте аткарыла турган иш-чаралар, реконструкциялар жана курулуштардын планы так аныкталган. Биз Кыргызстандын газтранспорттоо тармагына киришип жатканда өлкөнүн бул тармакка беш жылдын аралыгында 20 миллиард рубль инвестициялоого милдеттенме алганбыз. Бирок биз биринчи кезекте аткара турган иш-чараларды карап чыкканда, бул жерге инвестициянын көлөмү 45,5 миллиард сом керектелерин түшүндүк. Ошондуктан биз өзүбүзгө жогорулатылган - үч жылдын аралыгында газ тармагына 45,5 миллиард сом инвестициялоо милдеттенмесин алдык”,- деп билдирди Алексей Миллер.

"Газпром" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын айтымында, биринчи кезектеги чаралар өлкөнүн газды бөлүштүрүү системин реконструкциялоодо жана өнүктүрүүдө көп нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. “Инвестициялар эсептелип чыккан, ал түшүнүктүү. Биз аларды толук көлөмдө ишке ашырууга милдеттенебиз”,- деди Миллер.

Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстанда социалдык багыттагы программаларды ишке ашыруу боюнча компаниянын пландары тууралуу айтып берди. Мамлекет башчы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда, тактап айтканда, калкты жана өнөр жай объектилерин жеткиликтүү баадагы жаратылыш газы менен камсыз кылууда компаниянын Кыргызстандагы ишинин натыйжалуулугунун маанисин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: