super.kg logo
  Саясат  

Наталья Никитенко адам укуктары жаатындагы маселелерди эл аралык уюмдун аткаруучу директору менен талкуулады

 
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Жолугушууга уюмдун Борбордук Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттман катышты. Бул тууралуу 30-январда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргызстандын парламенттик демократия жолуна түшкөнү, бардык бийлик бутактары менен кызмат адамдарынын ар бир кыймыл-аракети жалпы коомчулуктун көзөмөлүндө турат. Мындан кыргыз парламентинин иши да четте калган жок. Эң башкысы, азыр бизде оңолуу ниети менен иштиктүү аракет бар",- деди Н.Никитенко. 

"Хьюман Райтс Вотчтун" Европа жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директору Х.Уильямсон ушу тапта уюмдун 2014-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы даярдалып жатканын, анда Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын абалы тууралуу материал да камтылып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө таркатылуу менен эл аралык уюмдардын сынына коюла турганын айтты.

Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары да адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу жаатында өз ара кызматташтык мамилелерди жандандыруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пикирине келишти. 

Эске салсак, ушу тапта "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык өкмөттүк эмес уюму дүйнөнүн 90 өлкөсүндө иш алып барат. Борбор Азия аймагында иштей баштаганына 20 жылдан ашты. Ал эми 2012-жылдын май айында Бишкек шаарында өз өкүлчүлүгүн ачкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: