super.kg logo

Акыркы 2 жылда Кара-Кулжа районунда 8 мектеп, 1 бала бакча курулган

 

Бүгүн, 30-январда Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясында 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү жана 2015-жылга милдеттерди коюу боюнча коллегиясы өткөрүлдү. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жыйынга облустун тийиштүү жетекчилери, райондук мекеме-уюм жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тиешелүү кызматкерлер катышышты.

Маалыматка ылайык, район акими Каныбек Алиязов 2013-2014-жылдары 8 мектеп, 1 бала бакча, 3 спортзал, эки кабаттуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулуп, ишке берилгендигине токтолуп, 2015-жылы да бир катар жаңы мектептер жана “Аристин” эсебинен жаңы 2 спортзал салынарын айтты. 2014-жылы 6,7 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 2015-жылга болжол менен дагы 8 чакырымга асфальт төшөлүүсү күтүлүп жаткандыгын белгиледи. 

2014-жылы райондун социалдык инфраструктурасын көтөрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Чалма айыл өкмөтү 1-даражадагы диплом жана 20 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле дипломго кошо Сары-Булак айыл өкмөтү 15 миң сом, Алайкуу айыл өкмөтү 10 миң сом акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон чоң салымдары үчүн 14 адамга Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.01.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыгоо 2 жылда 8 мектеп курушса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: