"Газпром балдар үчүн" долбоорунун алкагында Арча-Бешик конушунда спорттук комплекс салынат (фото)





















Бүгүн, 30-январда Бишкектин Арча-Бешик конушунда курулчу спорттук комплекстин аймагында стеланы салтанаттуу ачуу аземи өттү.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
"Газпром" ишканасынын Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин айтымында, бул курулуш "Газпром балдар үчүн" социалдык долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. "Бул долбоор КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен ишке ашырылууда. Биз Кыргызстандын ар облусунда жалпысынан 16 спорттук комплексти курууну пландап жатабыз. Эң алгачкы курулуш борбор калаада башталмакчы",- деди Миллер.
Кыргызстандын президенттик аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаев өз кезегинде орусиялык ишкананын жетекчилигине, өзгөчө А.Миллерге рахмат айтып өттү. "Кыргызстан мындай ири социалдык долбоордун бөлүгү болгондугу үчүн ыраазычылыгымды айткым келет. Адам бала кезинен баштап спорт аркылуу көп нерсеге үйрөнөт эмеспи. Жашоодо атаандаштык жолу менен ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн эрте билет. Ушунун баарынын пайдасын адам өз жашоосунда көрөт",- деди ал.
Иш-чара концерт менен уланып, салют атуу менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.