Орусиядагы мигранттар 2014-жылы Кыргызстанга 2 миллиард 104 миллион доллар которушту
1990-жылдан бери Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны чет өлкөгө чыгып кеткен. Муну эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын ичинен 550 миңи Орусияга кеткен. "Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Орусияга 550 миң жаран барса, анын 450 миңи Орусиянын жарандыгын алышкан",- деди Бекмурзаев.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Министрдин орун басары мигранттар мекенине 2014-жылы 2 миллиард 104 миллион доллар которгонун кошумчалады.
"Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандын экономикасынын 31,5 пайызы мигранттардын которгон акчасына көз каранды. Эгерде Орусиядагы экономикалык абал мигранттарга таасир этчү болсо, жогорудагы көрсөтүлгөн сумма 2 эсеге азаят. Башкача айтканда, 1 миллиард акчаны жоготобуз. Бул Кыргызстандын экономикасына чоң зыянын тийгизет",- деди Бекмурзаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

