Мамлекеттик бажы кызматы ээси аныкталбай 3 жылдан бери атайын жайда токтотулуп турган унааларды атады
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы 2012-жылдан бери бажылык жазып каттоодон өткөрүлбөй, атайын жайда токтотулуп турган автоунаалардын ээсин аныктоо үчүн 30-январда кайрылуу жасады. Унаалар Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы "РиоАвто" унаа базарынын аймагындагы убактылуу сактоочу кампада кармалып турганы айтылды. Кампада 16 автоунаа турат (10 унаа ВАЗ, 6 унаа ГАЗ). Унаа ээлери 2015-жылдын 27-февралына чейин Борбордук бажы органына кайрылышы керектиги айтылды. Байланыш телефону: 90-74-04.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















