Мектеп окуучуларын театрга жана музейге айына бир ирет алып барып туруу маселеси каралууда











Бүгүн, 30-январда М.Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов театрдын эмгек жамааты менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Мекеме жетекчиси Сатылган Сазаевдин билдирүүсүнө караганда, учурда театрда 83 адам иштейт, анын чыгармачыл тобунда 15 актёрдон турган кыргыз жана орус тилдүү 2 труппа иш алып барат. Учурда театр репертуарында кыргыз тилинде 16, орус тилинде 20 спектакль бар. Негизги көйгөй катары жеке Куурчак театрларынын көбөйүп кеткени, Мамлекеттик театрдын атын жамынып алып аймактарга, жер-жерлерге чыгып жатышканы айтылды. Учурда билеттин баасы 20 сомдон 50-100 сомго чейин жогорулады. Бүгүнкү күндө театр өз күчү менен гримдөөчү бөлмөлөрдү, гардеробду жасоодо.
Министр имараттын жер төлөсүндө жайгашкан декорация жасоочу цех, устаканалар, куурчак жасоочу жайлардын жалпы техникалык абалы менен таанышты. Өз сөзүндө ал декорациялардын көңүлгө толорлук сапатына токтолуп, театрдын актёрлорунун иши башка актёрлорго караганда түйшүктүү экенин белгилеп өттү. Мындан тышкары бүгүнкү күндө КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен бир мектептин окуучуларынын бир айда бир жолу милдеттүү түрдө музейге жана театрга келүүсү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле театр администрациясы үстүбүздөгү жылдын март айында Куурчак театрларынын эл аралык фестивалын өткөрүүгө кам көрүлүп жатканын маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kg.sity93

30.01.2015. 21:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы конул буруптур.жаш балдардын конулун ачканга жумшашат да эмгегин.куурчак театрында иштегендерге бали.ийгилик каалайм
sagyn01

30.01.2015. 21:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каталар коп екен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.