super.kg logo
  Саясат  

"Салттуу динге мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" мыйзам долбоору колдоого алынууда

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-январда "Салттуу диндерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн тегерек стол өттү.

Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору Кыргызстанда салттуу диндерге колдоо көрсөтүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө диний экстремизм, радикализм, терроризм күчөп жатканда түз каржылоо жана жарандардын ыктыярдуу төгүмдөрү аркылуу салттуу диндерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Иш-чарага катышкан депутаттар Каныбек Осмоналиев, Бөдөш Мамырова, Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев, Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев жана башкалар мыйзам долбоорун колдой тургандыктарын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: