super.kg logo
  Саясат  

Министр: "Эмгек миграциясы, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, эрте никеге туруу маселелерин чечүүдө бардык күчтөр биригиши керек"

 
Социалдык өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Калк боюнча фонду менен биргеликте аялдарга карата зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн жок кылуу жөнүндө конвенциянын нормаларынын аткарылышы боюнча улуттук консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган конвенцияны 1996-жылы бекиткен. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кудайберген Базарбаев бир топ тармакта чечиле элек маселелер бар экенин айтты. Анын билдиришинче, аялдардын өлүмүнүн өсүшү, эмгек миграциясы, эрте никеге туруулар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук - мунун баарын чечүүдө бардык күчтөр биригиши керек. 
Мындан тышкары ал быйыл февралда мамлекеттик делегация Женевада баяндама менен чыгат, ошондуктан улуттук консультациялар жыйынтыктоочу болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: