super.kg logo
  Спорт  

Италиялык футболчу Франческо Тотти президенттикке талапкерлигин койду

 

Италиянын Рим шаарынан чыккан "Рома" футболдук клубунун капитаны Франческо Тотти өлкө президенттигине талапкерлигин койду. Кечээ, 30-январда болгон шайлоонун жүрүшүндө Тотти 5 добуш алды. Бирок бул добуштар тиешелүү органдар тарабынан жокко чыгарылган. Себеби, Италиянын мыйзамына ылайык, президенттин жашы 50дөн жогору болушу керек. Тотти болсо учурда 38 жашта. Добуш берүүгө өлкөнүн 58 аймагынын өкүлү болгон 315 сенатор жана 630 депутат катышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. 

Кошумчалай кетсек, Италиянын акыркы президенти, 89 жаштагы Жоржо Наполитано ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан кетүү чечимин кабыл алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: