super.kg logo
  Саясат  

Кадыржан Батыровдон конфискацияланып алынган "Дустлик" ишканасынын башкы директору алмашты

 

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылында 29-январда акцияларында мамлекеттин 85,15 пайыз үлүшү бар "Дустлик" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жыйыны өттү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, жыйында ишкананын башкы директорунун ишмердүүлүгү жөнүндө отчёту угулду, 2013-жылкы кирешелер жана чыгашалар тууралуу маалымат алынды, компаниянын Ревизиондук комиссиясы менен Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана башка маселелер каралды.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы ишкананын чыгашасы 545,7 миң сомду түзгөн, бул сумма 2012-жылдагыдан 211,3 миң сомго көп. Өзүнүн милдеттерин жакшы аткарбаганы үчүн "Дустлик" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле кадрлар резервин түзгөнгө чейин курамына Эмил Баймурзаев, Токомбай уулу ЖоомартАбдилахай Үсөнов кирген Директорлор кеңешинин жаңы курамын бекитүү чечими кабыл алынды.

Жаңы дайындалган Директорлор кеңешинин жетекчиси болуп Токомбай уулу Жоомарт дайындалды. Директорлор кеңешинин башка чечими менен ишкананын башкы директору Икрамжан Мадышев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмамат Саражиев дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: