Өзүлөрүн "украиналык партизандар" деп атаган бет капчандар "Орусиянын катардагы жарандарын өлтүрөбүз" деп кайрылуу жасашты



Кайрылуу жасап жаткан бет капчандар...
Интернетте бет капчан 4 адамдын видеокайрылуусу талкуу жаратууда. Анда өзүлөрүн "украиналык партизандар" деп атаган бет капчандар Орусиянын армиясы Украинада күн сайын катардагы жарандарды жана аскерлерди өлтүрүп жатканын айтып, "жооп катары Орусиянын жарандарын өлтүрөбүз" дешет.
Видеокайрылууда төмөнкүлөр айтылат:
"Орусия Федерациясынын жарандары! Биз Орусияда жашаган украиналык партизандарбыз! Биздин саныбыз миңге жетет. Биз Орусиянын аймагында жашайбыз жана биз Кремль жана Орусиянын аскерлери Донбасстын жарандарын, Украинанын аскерлерин күн сайын өлтүрүп жатканына кайдыгер карап тура албайбыз. Украинада бул окуялардын курмандыктарынын саны миңдеп барат. Жооп катары Орусиянын шаарларынын тургундарын өлтүрүп баштайбыз. Курмандыктар - катардагы жумушчулар, студенттер, окумуштуулар. Алгач биз ар бир шаардан бирден кишини өлтүрөбүз. Биз кавказдыктар эмеспиз, башта айырмалап алгыла! Биз орус тилинде таза сүйлөйбүз. Метролорду, автобустарды жардырабыз, баарын бирден өлтүрөбүз! Силер биринчи өлтүрүп баштадыңар, демек, бардык орусиялыктар бул үчүн жооп бериши керек!"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Эгер Оштогу өзбектер Өзбекстанга кошулабыз деп чыгышса, сен биринчи колодоп чыккыдайсын "өздөрү кошулду" деп...
Жок чындыгында андай эмес...Украина АКШнын сөзүн туура деп койгону үчүн.. Эми орусия Украинаны тынч койбой жатат..
Талкуудан алыстабаңыз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.