Футбол боюнча Австралия курамасы өз тарыхында биринчи ирет Азия чемпиондугун утуп алды























Футбол боюнча Австралия курама командасы Азия чемпиондугунун финалында Түштүк Корея курамасын утуп, мелдештин чемпиону аталды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, оюн эсебин 45-мүнөттө Массимо Луонго ачып, үй ээлерин эсеп катыштыгында алдыга сууруп чыкты. Экинчи 45 мүнөттүктүн акыркы мүнөттөрүндө Сон Хён Мин эсепти теңеди. Муну менен командалар жеңүүчүнү кошумча 15 мүнөттүктөрдө аныктамай болушту. Австралияга жеңиш алып келген голду 105-мүнөттө Жeймс Троизи киргизди.
Кошумчалай кетсек, Австралия курама командасы 4 жылда бир өтүүчү Азия чемпиондугун өз тарыхында биринчи ирет утуп алды. Мелдешке бул курама 3-ирет катышып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
maestro123

01.02.2015. 01:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чемпионатты биздин өлкө ТВ лары алып көрсөтсө жакшы болмок.
skatoruk

02.02.2015. 10:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maestro123,Биздин каналдар саясаттан бошобойт да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.