super.kg logo
  Спорт  

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдеште кыргызстандык 5 мушкер алтын медаль тагынды

 

Бүгүн, 1-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. 10 килограмм салмактык бөлүктө өткөн финалдык беттештерге 8 кыргыз мушкери чыгып, анын 5и алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Кошумчалай кетсек, жыл сайын өтүүчү мелдеш быйыл 38-ирет уюштурулду. Бул жолу Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына, Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына арналып уюшулган мелдеш ири масштабда өтүп, ага 9 мамлекеттин 179 мушкери катышты. 

49 килограмм салмакта: 

Рахманкул Аватов (Кыргызстан) - Турат Осмонов (Кыргызстан) - 3:0 (3 калыс тең жеңишти Рахманкулга ыйгарды)

52 килограмм салмакта:

Аброр Кодиров (Өзбекстан) - Жаныбек Мусаев (Кыргызстан) - 0:3

56 килограмм салмакта:

Танес Онгжунта (Таиланд) - Лу Гангжиан (Кытай) - 3:0

60 килограмм салмакта:

Медер Мамакеев (Кыргызстан) - Акжол Сулайманбек уулу (Кыргызстан) - 2:1

64 килограмм салмакта:

Эрмек Сакенов (Кыргызстан) - Георгий Лизуненко (Орусия) - 3:0

69 килограмм салмакта:

Махмуд Гаипов (Өзбекстан) - Монхерердене Уранчимег (Монголия) - техникалык нокаут 

75 килограмм салмакта:

Эрик Алжанов (Казакстан) - Нурсултан Жанабаев (Казакстан) - 0:3

81 килограмм салмакта:

Али Ахмедов (Казакстан) - Георгий Кушиташвили (Орусия) - 0:3

91 килограмм салмакта:

Сергей Паренко (Кыргызстан) - Чингис Борбашев (Кыргызстан) - 0:3

91 килограммдан жогорку салмакта:

Баходир Шалолов (Өзбекстан) - Ярослав Дорончиев (Орусия) - техникалык нокаут






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.02.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
56 кг дагы Таиландтык менен 75 кг дагы 2 казак тен кыйын экен. Анан биздин Чынгыз Борбашов азамат соз жок. Кечээки жарым финалда озбек экоонун бою эн мыкты уруш болду.
01.02.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Борбашев тажрыйбалуу мушкер, мындан ары да ийгилик.
02.02.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин Аман досум катышты эле женилип калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: