super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунда 215 гектар жер суу алдында калат

 
Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жумушчулары үчүн курулган чакан шаарча
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 31-январда Нарын облусундагы иш сапарында Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы "Русгидро" компаниясы ири 4 гидростанция курууга инвестиция жумшаарын эскертти. "Бул долбоор биз үчүн маанилүү, аны ишке ашыруу бир ыргакта жүрүүдө. Долбоорду өз мөөнөтүндө бүтүрүшүбүз зарыл",- деген Оторбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын алкагында канал куруларын жана 215 гектар жер суу алдында каларын билдирди.
"Өкмөт жерлери суу алдында калган жергиликтүү тургундарга башка аймактан жер тилкелерин бөлүп берет. Нарын облусунун потенциалы абдан жогору. Азыркы учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоо иштери жүрүүдө, кошумча жолдун курулушу башталды. Бул облусту өнүктүрүү үчүн ири инвестицияларды тартабыз",- деп билдирди премьер-министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: