super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 3 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринин чатыры күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры, муздаткыч, 4 эшик жана 3 терезе толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Кадамжай районуна караштуу Миң-Чынар айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен турак үйдүн 29 чарчы метр жыгач шыбы, сыналгы, 2 килем, 3 палас жана төшөктөр күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: