super.kg logo

Бишкек - Торугарт унаа жолуна топурак аралаш таш көчкү түшүп, унаалардын каттамына чектөө киргизилди

 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырымында кечээ, 1-февралда cаат 17:55 чамасында көлөмү болжол менен 1200 метр куб топурак аралаш таш көчкү түшкөн. Ага байланыштуу унаалардын жол каттамына чектөө киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес жана кыйроолор катталган жок. Көчкү катталган жерге 2 жүктөгүч, 2 ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар тартылган. 

"Кар көчкү түшкөн жерде тез жана кечиктирилгис жардам көрсөтүү максатында райондук медициналык "Тез жардам" кызматынан 1 бригада жана КРнын ӨКМнын Нарын райондук №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу кызматынан 1 куткаруу тобу тартылды. Унаа жолу ачылганга чейин Нарын району тарабында Оттук айылында, Кочкор тарабынан Кара-Үңкүр тилкесинде убактылуу жылытуу-тамактандыруу пункттары уюштурулуп, коомдук тартипти сактоо үчүн МАИ кызматкерлеринен жолдун эки тарабынан коопсуздук посттору коюлган" деп айтылат маалыматта. 

Түшкөн көчкүдөн улам жол бир багытка гана ачылгандыктан, жолду кеңейтүү иштери бүгүн да улантылмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: