Ошто 46 жаштагы жарандын мыйзамсыз ок атуучу курал сактап келгени аныкталды
Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча эки факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун 46 жаштагы тургунунун үйүнөн 2 даана автомат, ок-дарылар табылган. Ошондой эле Ош шаарында 46 жаштагы жаран жашаган үйдө 16 калибрлүү ок атуучу куралдын мыйзамсыз сакталганы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.