Ала-Бука районундагы мушташ боюнча төрт бала кармалды
Ала-Бука районундагы мушташ боюнча төрт бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ 1-февралга караган түнү болгон. Анда аталган райондо жашаган балдар Жой-Белент айылынын эки тургунун сабап коюшкан. Мындан улам эки тараптан балдар чогулган. Ошондой эле ал жакка барган милициянын унаасы талкаланган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, төрт адам кармалган. Ал эми эки адам ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.