Президенттик аппараттын өкүлү Мира Карыбаева БУУ системин өлкөдө өнүктүрүү боюнча Нью-Йоркто билдирүү жасады
Кыргызстандын президентинин алдындагы Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин Экинчи диалогунун ишине катышты. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, иш-чара 30-январда Нью-Йорк шаарында өттү.
Карыбаева өз сөзүндө БУУ системинин эффективдүүлүгүн көтөрүү боюнча өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү, "татыктуу эмгек" принцибин сактоо менен жаңы иш орундарын түзүү, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатуу, өндүрүш жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо тууралуу сөз болду.
"Иш сапарынын учурунда Карыбаева БУУнун алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров, тынчтыкты колдоо боюнча БУУнун Кеңсе башчысынын орун басары К.Глак менен жолугушту. Анда тараптар Кыргызстанда тынчтыкты колдоо, жергиликтүү коомчулуктун потенциалын бекемдөө, этностор аралык макулдашуу боюнча диалогду улантуу тууралуу пикир алышты",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

