super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет суу бөлүштүрүүдө санариптик системди ишке киргизүүчү мыйзам долбоорун колдоого алды

 

Бүгүн, 2-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети суу пайдалануучуларга сапаттуу ирригациялык кызмат көрсөтүүгө багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун карап, жактырды. Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнө 7,75 миллион доллар өлчөмүндө грант берет. Долбоор менен суу бөлүштүрүүдө санарип түйүндөр системи ишке киргизилмекчи.

Депутат Сайдулла Нышанов суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталып келген каражаттарды туура пайдалануу зарылдыгын белгилесе, башка депутаттар "суу бөлүштүрүүдө санарип түйүндөр системин ишке кириши менен суу сатылып жатат" деген сөздөргө чекит коюларын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: