super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов "Данияр Нарымбаевден кечирим сурабайм" деди

 

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу каралды. Нарымбаев министрден айткандары үчүн кечирим суроону талап кылды. 

езитке маалымат чыккандан кийин мен президент Алмазбек Атамбаев менен талкуулап, ал киши менин пикириме макул болду. Бул маселе өтө олуттуу. Шыкмаматовдун айткандары адамдын беделине шек келтирет. Мейли айтыптыр, бирок гезит чыгып кеткенден кийин телефон чалып, кечирим сурап койсо болмок. Мен гезиттин кийинки санын күттүм, гезит аркылуу да кечирим сураган жок. Анан минтип алдыңарга алып чыктым",- деди Нарымбаев.

Шыкмаматов айткандары үчүн кечирим сурабай турганын билдирди. "Журналист мага телефон чалып суроо бергенден кийин жооп бергем. Ооба, "кийинки башкы прокурор Данияр Нарымбаев болушу мүмкүн" деп айттым. Мамлекеттик кызматтагы чиновник катары өз пикиримди айтууга укуктуумун. Ошондуктан кечирим сурабайм",- деди Шыкмаматов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: