super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Жаш кыз башкы прокурор болуп калат деп ойлогон эмесмин"

 

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 2-февралдагы кезексиз жыйынында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу каралууда. Депутат Өмүрбек Текебаев бүгүнкү жыйналыштын зарылчылыгы жок болчу деп эсептей турганын айтты.

"Коалициялык көпчүлүк 5 жылдан бери биринчи жолу чогулду. Ош шаары газсыз калганда, Баткенде кыргыз-тажик аскерлери атышып жатканда чогулбаган кеңеш бүгүн кайдагы бир маселе үчүн чогулууда. Муну коомчулукка чыгарбай эле чечип коюуга мүмкүн эле. Аида Салянованын кызматтан кетишине байланыштуу Шыкмаматовдун айткандары адамдын кадыр-баркына шек келтирүү эмес, жөн гана сунуш, пикир. Салянованын ордуна жаш кыз дайындалат деп ойлогон эмесмин. Ал тургай башкы прокурорго жакын болуу үчүн сунуштарыбыз менен Чыныбай Турсунбеков экөөбүз анын (Данияр Нарымбаевдин) кабинетине чай ичкени барып жатканбыз",- деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: