super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин чыгыш тарабындагы тери иштетүүчү кытай ишканасынан аймактын жашоочулары зыян тартып жатканы айтылууда

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 2-февралдагы жыйынында "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салуу максатында иштелип чыкты.

Талкууда депутаттар бир дагы көзөмөлдөөчү орган мамлекеттин эсебинен акча албашы зарылдыгын, анткени алар көз каранды болбошу керектигин айтышты. Депутат Эркингүл Иманкожоева Бишкектин чыгыш тарабындагы М.Ауэзов көчөсүнө жакын жайгашкан тери иштетүүчү кытай ишканасынан чыккан жыттан жанындагы жаңы конуштардын тургундары жабыркап жатканын айтты. Арыздануулар болуп келгенине карабай ишкана ишин улантып жатканын белгилеген депутат “керек болсо чогуу барып, жашоочулардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизип жатканын чогуу көрүп келели” деди. 

Мыйзам долбоорун 1-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: