Таласта “57 жаштагы айымды муунтуп өлтүргөн” деп шектелип айылдашы кармалды
Таласта “57 жаштагы айымды муунтуп өлтүргөн” деп шектелип айылдашы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Талас районунун Чоң-Кара-Буура айылында болгон. Анда белгисиз жаран 57 жаштагы Г.К. аттуу айымды муунтуп өлтүрүп, уюлдук телефонун жана үйдөгү бир кап төө буурчакты алып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркумдун айылдашы, 28 жаштагы К.Касымбек кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.