Бишкекте бир катар уурулук жана каракчылык фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды
Бишкекте бир катар уурулук жана каракчылык фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган кылмышка шектүүлөр 20 жаштагы Д.Т., Ш.Б. жана 19 жаштагы М.Т., З.А. аттуу жарандар болушкан. Алар бет кап кийип алышып, жабырлануучуларды ок атуучу курал менен коркутуп, баалуу буюмдарын тартып алышчу.
Ошондой эле алардын Сокулук районунда азык-түлүк саткан дүкөндүн сатуучусунун өлүмүнө да катыштыгы бар экени аныкталган.
Учурда тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.