super.kg logo
  Саясат  

Социалдык фонд социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар боюнча аргасыз карыздарды кечүү демилгесин көтөрүүдө

 

2-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Социалдык фонд тармагын аргасыз карыздардан жеңилдетүүгө багытталган "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип же толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген каржылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, кудуретсиздик жол-жоболору аяктаган ишканалар менен уюмдардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары 36,8 миллион сомду түзөт. Карыз ээлеринин азыр кайда экени белгисиз болгондуктан, бул карыздарды сот аркылуу төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгү жок.

“Юридикалык жак катары түзүлбөгөн дыйкан чарбаларынын туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары 19 миллион сомдон ашты. Азыр өлкөдө 250 808 ушундай төлөм ээлери бар, алардын басымдуу бөлүгү төлөөгө жөндөмсүз. Ошондон улам негизги карызды калтырып, аларга карата туумдар менен айып төлөмдөрүн кечүү сунушу киргизилип жатат",- деди Абылгазиев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: