super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинде күйүүчү майлардын сапаты талкууланды

 

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында сырттан ташылып келчүүчү күйүүчү-майлоочу майлардын сапатынын стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келиши тууралуу маселе каралды.

Жыйында азыркы учурда айыл чарба техникаларын насыяга алган ар бир фермер сапатсыз күйүүчү-майлоочу материалдардын көйгөйүнө туш болуп жатканы айтылды. "Сапатсыз май куйгандан кийин техникалардын кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу жоголуп, туруксуз иштеп башташы - стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келбеген күйүүчү бензиндин же дизелдик отундун төмөнкү сапатынын анык белгиси. Кыймылдаткычтары туура иштебеген техникалар айлана-чөйрөнү булгап жатат",- дешти депутаттар.

Депутат Талантбек Узакбаев: “Мамлекеттик стандарт мекемеси барып текшерейин десе, ыйгарым укугу жок, Экологиялык коопсуздук инспекциясы текшерейин десе, тиешелүү жабдуусу жок. Бул кандай көрүнүш? Азыр коопсуздукка эч ким жооп бербей калды”,- деп билдирди. 

Талкуу жыйынтыгында аталган маселени чечүү үчүн өкмөткө бир 1 ай мөөнөт берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: