super.kg logo
  Саясат  

Саламаттыкты сактоо министрлиги аймактарды өнүктүрүү үчүн "Ага-хан" фонду менен кызматташууну улантарын билдирди

 
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун өкүлү Хайс Валравен менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну талкуулады. Министрликтен 2-февралда билдиришкендей, фонддун өкүлү: "Кыргызстандын тоолуу облустарында иш жүргүзгөн саналуу эл аралык уюмдардын бири катары "Ага-хан" өлкө үчүн көз карандысыз, узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөш катары иштешип жатат. Азыркы учурда биз көптөгөн өлкөлөрдө иштеп жатабыз, 4,5 миллион пациентке амбулатордук жардам бердик. 13 миңдей адамды жумуш менен камсыздадык. Медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурабыз. Кыргызстандын калкынын түрдүү социалдык абалына байланыштуу, аймактарды өнүктүрүү механизмин иштеп чыгууга колдоо көрсөткүбүз келет. Мунун ичинде Нарын облусуна",- деп билдирди. 
Батыралиев министрлик аталган уюм менен кызматташууга даяр экенин билдирди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: