super.kg logo

Өткөн жылы өлкө аймагында диний экстремизмди жайылтуу боюнча 283 факты аныкталган

 

Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын экстремизмге каршы жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында диний экстремизмди жайылтуу боюнча 283 факты аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда маалымат жыйынында ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тазабек Жаныкулов билдирди.   

“Аныкталган фактылардын негизинде 157 кылмыш иши козголгон. Диний-экстремисттик багыт боюнча 7730 нуска материал алынган. Анын ичинен баракчалар - 1630, китептер, китепче, журналдар - 3071, кол жазма дептерлер, блокноттор жана конспекттер - 325 нуска, компьютердик техника - 29, аудио жана видеокассеталар - 99, флешкарта жана башка электрондук жабдыктар - 151, дисктер - 2287, ноутбук жана планшеттер - 24, телефондор - 95, оргтехника, фото жана видеоаппаратуралар - 3, стратегиялык объектилер жана алтын кендер көрсөтүлгөн КРнын картасы - 1, желектер - 5, схема - 1, октор - 2, 7 даана сүрөт жана сүрөт альбомдору алынган”,- дейт Т.Жаныкулов.    

Ал эми азыркы тапта өлкө аймагында диний-экстремисттик жана террордук көз карашты колдогон 1703 адам каттоодо турат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: