super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен жолугушту

 

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бүгүн, 2-февралда адам укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы Башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Кошта менен жолугушту. БУУнун өкүлү кыргыз сот тутумуна жардам берүү пландарын атап, судьяларды окутуу, аларга окутуучуларга карата адамды кыйноо темасында тренингдерди өткөрүүнү сунуштады. 

БУУнун Адам укуктары комитетинин Кыргызстанда жарандардын кайрылууларына карата сунуштары тууралуу да сөз болду. Жогорку Соттун төрайымынын биринчи орун басары Канат Турганбеков комитеттен келген каттар кандайча каралары тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары адамды кыйноо темасында Кыргызстандын эле судьяларына гана эмес, жалпы Борбордук Азиянын судьяларына масштабдуу иш-чара өткөрүү пландалганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: