super.kg logo

Бишкекте Михаил Фрунзенин 130 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды (фото)

 
М.В.Фрунзенин үй-музейи.
М.В.Фрунзе жашаган үй.
М.В.Фрунзе жаткан бешик.
Көргөзмөгө коюлган эмгектер.
М.В.Фрунзенин ичиги.
М.В.Фрунзенин кол кабы.
М.В.Фрунзенин көз айнеги.
М.В.Фрунзенин үй-музейинин архитектору Кутателадзе Геннадий.
М.В.Фрунзенин үй-музейинин улук илимий кызматкери Касиет Тилекматова.

Бүгүн, 2-февралда Бишкекте Коммунисттик партия менен Советтер Союзунун көрүнүктүү ишмери, Советтик Армиянын аскер башчысы Михаил Фрунзенин 130 жылдык мааракесине арналган “М.В.Фрунзенин элеси көркөм искусство менен” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачары болду. Көргөзмө Кыргыз мамлекеттик М.В.Фрунзе үй-музейинде орун алды. Ага тайманбас революционер, легендарлуу аскер башчынын жашоо-турмушун, ишмердүүлүгүн чагылдырган А.Любимов, А.Игнатьев, Д.Флекман, В.Тюрин, А.Торопов, С.Акылбеков, А.Усубалиев жана башкалардын эмгектери коюлду. Иш-чарага аталган үй-музейдин архитектору Геннадий Кутателадзе, тарыхчылар, окуучулар, аскер окуу жайынын курсанттары катышты. Ошондой эле музей кызматкерлери келген конокторду музей менен тааныштырышты.

Михаил Фрунзе 1885-жылы Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) фельдшердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1896-жылы 7 жашында Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербургдагы Политехникалык институттун экономика факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин, Жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин Аскер жана деңиз министри болуп дайындалган. 1925-жылы операция учурунда каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: