Борбордо 2 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

Борбор калаада 17-январдан бери дайынсыз болуп жаткан Максим Островерхов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Максим Островерхов 17-январь күнү кечинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын өзгөчө белгилери: арык чырай келген, 1-топтун майыбы, чекесинин оң тарабында тырыгы бар. Башына токулган кара түстөгү тумак, кара-күрөң түстөгү күрмө, көк жынсы шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү номурларга кайрылыңыздар: 102, (0700) 05-20-20, (0312) 43-28-15, (0312) 43-32-75
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.