Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад облусундагы укук коргоо органдарынын иши менен таанышат
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 3-февралда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн билдиришти. Маматалиев аймактагы бир катар күч органдарынын иштери менен таанышып, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2014-жылдын жыйынтыгына арналган коллегиялык жыйынына катышмакчы. Жыйында облус жетекчилеринин 2015-жылкы пландары талкууланып, айрым көйгөйлүү маселелер тууралуу пикир алышуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

