Ош шаарында олуттуу көйгөйлөрдүн бири - жергиликтүү калкты таза суу менен камсыздоо



Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров.


Ош шаарынын олуттуу көйгөйлөрүнүн бири болуп жергиликтүү калкты таза суу менен камсыздоо саналат. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 11 миллион 890 миң доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 8 миллион 450 миң евро акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 2-февралда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди.
“Азыркы учурда банктардын каржылоосунда сыйымдуулугу 6000 метр куб болгон жаңы 2 резервуардын курулушу башталат. Ушул эле сыйымдуулуктагы 1 резервуарды калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Буюрса, шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү толук чечилет”,- деди З.Аскаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Tursunbek14

03.02.2015. 13:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беш жылда ошто тазасууну чечпей Арстан болгон Мырзакматовтон айырмасы азыркы мэр тихо журуп кооооп ишти жасаптыр. Оштуктар 55555555 койду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.