super.kg logo

Ош. Өткөн жылы шаар ичиндеги курулуш иштерине 78 миллион сомдон ашуун каражат каралган

 

Жыл ичинде капиталдык курулуш боюнча 2014-жылдын курулуш иш планында жергиликтүү бюджеттен 78 миллион 347,1 миң сом каралып, 25 объектинин курулушу жүргүзүлгөн. Муну бүгүн, 2-февралда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык отурумунда биринчи вице-мэр Замир Аскаров билдирди.

"Жогорудагылардын ичинен 17си жаңы, 6 имарат мурда бүтпөй келген курулуш объектиси болуп эсептелет. Андан сырткары 8 курулуш объектиси кошумча курулуп, иш толугу менен аяктады. Алардын катарында Озгур айылындагы Алымкулов атындагы №33-мектебинин спорттук залы менен 240 орундуу кошумча окуу корпусу, Жапалак айылындагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушу бар экенин айтууга болот",- деди З.Аскаров.

Андан сырткары вице-мэр “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы өткөн жылда жакшы иштерди аткаргандыгын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы абоненттердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 29 663 адамга көбөйүп, 177 577 адамды түзгөн. 

"Абоненттерден топтолгон каражаттын суммасы да өсүп, натыйжада жыл ичинде 5 даана атайын автоунаа сатылып алынды. Ал эми "Шаарсвет" ишканасы тарабынан 12 100 метр көчөнү жарыктандыруу пландалып, натыйжада 16 540 метр жол жарыктандырылып, 4,8 миллион сомдук жумуштар аткарылган",- деп кошумчалады З.Аскаров. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.02.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош кооз шаар. Шаар бийлигине ыраазычылык! корунуктуу иш жасаптыр. Молодцы!!!!!!!
03.02.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштесе болот экен го! Кара-баатыр туштон мурда ооз коптуруп,туштон кийин милондорду жэп эле отуруптур. А биз мырк болуп ага ишениппиз...
03.02.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис акам Жолдун акысын жептир деп уч тамга жазыптыр-гоооо. Жолдун акысын жеп, ыйманын жеп.... Жебегендер минтип результат жасашыптыр.Так держат! Мы уважаем только коррупционер эместерди. А Мелис акавизга наалат! только наалат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: