Чыныбай Турсунбеков: “Кумтөр” боюнча Алмамбет Шыкмаматовдун пикири парламентте роль ойнобойт”

Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтан кетиши “Кумтөр” маселесин чечүүгө терс таасирин тийгизбейт. Муну парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 2-февралда ММКлардын бириндеги түз эфирде билдирди. “Анын пикири парламент үчүн эч кандай роль ойнобойт, муну Алмамбет мырза өзү да жакшы билет”,- дейт Турсунбеков.
Шыкмаматов жооп катары буларды айтты: “Менин пикирим парламент үчүн роль ойнобошу мүмкүн, бирок “Центерра” үчүн биринчи ролду ойнойт”.
Айта кетсек, Шыкмаматов “Кумтөр” боюнча үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүү демилгесине байланыштуу бир катар каршы пикирлерди билдирип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

