super.kg logo

Гүлжигит Сатыбековдун концертинде шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, армандуу чыгармалары ойго батырды (фото)

 

Бишкектеги Спорт Ордосунда 2-февралда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбековдун “Репетиция” аталышындагы жеке концерти орун алды. “Назик” бийчилер тобу ачып берген кечеде алып баруучулук тизгинди “Беш тапандын” жигиттери колго алышты.

Концертке мыкты даярдык көрүлгөнүн сахнанын жасалгаланышы айтып турду. Жеке концерт деп ушуну айтыңыз, бул кечеде жалаң Гүлжигит мырзанын аткаруусундагы ырлар жаңырды. Жадакалса конокко башка ырчылар чакырылбаптыр. Концертти гитарада, урма аспапта кол ойноткон “Старики разбойники” аталышындагы жаңы түзүлгөн музыкалык топ жана кыргыздын белгилүү шылдыракчысы Кадырбек Мураталиев коштоду. Зал көрүүчүлөргө толуп, күйөрмандар ырчынын жүрөктөн чыккан чыгармаларына кыйкырып, ышкырып, суратпай эле кол чаап турушту. Ырчынын “Агенттеги махабат”, “Исфана”, “Кара каш”, “Айбийке” өңдүү шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, “Сагынам”, “Эми мага баары бир” аттуу армандуу чыгармалары ойго батырды.

Ал эми алып баруучулук милдетти колго алган “Беш тапан” куудулдар тобу кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Неля, Каныкей, Роза Шакирова, Сайкал Садыбакасованы туурап чыгышып күйөрмандардын боорун эзишсе, куудул Жамбыл Камчиев да бир чымчым күлкү сунуп өттү.

Концертке алыстан ат арытып келген ата-энесине Гүлжигит мырза гүлдесте арнап, алардын урматына “Ыйык булак” ырын аткарды.

Кеченин соңунда ырчы концерттин “Репетиция” деп аталганын түшүндүрүп берди: “Чет мамлекеттерге чакыруулар көп болууда. Жалгыз диск көтөрүп баргандан уялам. Ошондуктан Кыргызстандагы эң күчтүү музыканттарды жыйнап, “Старики разбойники” деп атап жаңы топ түздүк. Эми сиздердин батаңыздарды алып, Орусия, Түркия, Германия мамлекеттериндеги мекендештерге ушул түзүм менен ыр, күлкү тартуулайлы деген максатта, кыргыздын маданиятын даңазалоону көздөп, бүгүн сиздердин алдыңыздарга биринчи жолу чыгып репетиция кылып алдык”. Күйөрмандар концерт аягына чыкканына карабай Гүлжигит мырзаны тер акканча ырдатып, сахнадан көпкө чейин узатышкан жок. 






"Концертке 1 миллион сомго жакын акча сарптадык" дейт Гүлжигит Сатыбеков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(109)
03.02.2015. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун откон го концерт чыгармачылык ийгилик каалайм
03.02.2015. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул концерти качан коробуз
03.02.2015. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто да болобу концерт, чыдамсыздык менен кутуп жатабыз
03.02.2015. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик, талантыныз ташкындай берсин.Кыргыз элинин данкын алыска таанытып журо бериниз.
03.02.2015. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайбыз да кыргыздар концерт бутоору менен атып чыгып кетебиз ,тер агызганча ырдаткандан кийин узатып коюу ,кол чабуу деген маданияттан алыспыз
03.02.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri-jan,жоок андай болгон жок, концерт бутту дегенден кийин эл тарабай коюп, 3-4 ыр ырдатып анан тарашты
03.02.2015. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар бир ырын журокко жеткируу менен ырдады. азаматсыз Гулжигит аке ийгилик!
03.02.2015. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик брат Азаматсын ийгилик Оштун Кулунуда?
03.02.2015. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы концерт болгон корунот, фотолору эле кулдурот го адамды). Сатыбеков ийгилик сизге!
03.02.2015. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы отуптур. Ата-энеси Аксыдан барбай Оштон барышыптырбы? :)
03.02.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин маданияты бир аз которулуп калыптырда ортого чыгып дыкс дыкс дыкыс бийлегендерге таазим тартынбай бийлешиптир азаматсынар.
03.02.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеке концерт деп ушуну айт! Молодец! Ийгилик!
03.02.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы нукура талант деп ушуну айт ар бир ыры созу да обону да бири бирине топ келишет бар бол Гулжигит Сатыбеков
03.02.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Гужу,так держать!
03.02.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттордон эле байкалып турат концерт сынк болгону азаматсыз ийгилик.
03.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болгонго.Ошкода келсе экен...чыдамсыздык мн кутобуз
03.02.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка ырчыларга үлгү боло турган ырчы.
03.02.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото сонун болгонго суротторго караганда.Москвага качан келеер екен барат елек.Кее бирки ырчыларга караганда сапаттуу ырчы!!!
03.02.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит чыгармачылыгына ийгилик. Ар бир ырынды берилуу менен угабыз. Чет элдерге барсан кудайым колдоп ,ал жактагы кыргыздардын да черин жазып келесин го деп ишенем
03.02.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкунчулук болбой барбай калгандар арманда калдыкго.Бишкекте болсом бармакмын.Ырларында айып жок.
04.02.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курон костюм шымы жакшы жарашат экен.Негизи концерт жакты.
04.02.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жолу уксан да тажабайсын уккандан ырларын.Журоктон чыккан ырлар журокко жетет. Ийгилик Сизге.
SUPER.KG видео
04.02.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо Соонун жандуу ырдаганго кутобуз чыдамсыздык мн!
SUPER.KG видео
04.02.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охо сонун мага да жакты гулжигит акабыз сонун ырдайтта толук версиясын кутобуз супер инфо
SUPER.KG видео
04.02.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты даярданыптыр. Эл да конулдуу отуруптур. Негизи концерт сонун отуптур.
SUPER.KG видео
04.02.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатыбеков менин эжемдин досу. Аябай сонун ырдайт. Азамат талантыныз ташкындай берсин. Чаткалдык туугандарыныз.
SUPER.KG видео
04.02.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, эн жакшы болуптур, эл да жон отура бербей активдуу катышып, бийлеп да жиберишиптир. Кыргыздын Стас Михайлову десек болчудай.
SUPER.KG видео
04.02.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулжигит эн соонун болуптур ийгилик.
SUPER.KG видео
04.02.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунуз оркундой берсин.Биз сизди колдойбуз чыгармаларыныз эл журогунон ар дайым тунок тапсын.
SUPER.KG видео
04.02.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун кутобуз чыдамсыздык ийгилик
SUPER.KG видео
04.02.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кутобуз чыдамсыздык менен чыгарма чылык ийгилик
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: