super.kg logo

Гүлжигит Сатыбековдун концертинде шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, армандуу чыгармалары ойго батырды (фото)

 

Бишкектеги Спорт Ордосунда 2-февралда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбековдун “Репетиция” аталышындагы жеке концерти орун алды. “Назик” бийчилер тобу ачып берген кечеде алып баруучулук тизгинди “Беш тапандын” жигиттери колго алышты.

Концертке мыкты даярдык көрүлгөнүн сахнанын жасалгаланышы айтып турду. Жеке концерт деп ушуну айтыңыз, бул кечеде жалаң Гүлжигит мырзанын аткаруусундагы ырлар жаңырды. Жадакалса конокко башка ырчылар чакырылбаптыр. Концертти гитарада, урма аспапта кол ойноткон “Старики разбойники” аталышындагы жаңы түзүлгөн музыкалык топ жана кыргыздын белгилүү шылдыракчысы Кадырбек Мураталиев коштоду. Зал көрүүчүлөргө толуп, күйөрмандар ырчынын жүрөктөн чыккан чыгармаларына кыйкырып, ышкырып, суратпай эле кол чаап турушту. Ырчынын “Агенттеги махабат”, “Исфана”, “Кара каш”, “Айбийке” өңдүү шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, “Сагынам”, “Эми мага баары бир” аттуу армандуу чыгармалары ойго батырды.

Ал эми алып баруучулук милдетти колго алган “Беш тапан” куудулдар тобу кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Неля, Каныкей, Роза Шакирова, Сайкал Садыбакасованы туурап чыгышып күйөрмандардын боорун эзишсе, куудул Жамбыл Камчиев да бир чымчым күлкү сунуп өттү.

Концертке алыстан ат арытып келген ата-энесине Гүлжигит мырза гүлдесте арнап, алардын урматына “Ыйык булак” ырын аткарды.

Кеченин соңунда ырчы концерттин “Репетиция” деп аталганын түшүндүрүп берди: “Чет мамлекеттерге чакыруулар көп болууда. Жалгыз диск көтөрүп баргандан уялам. Ошондуктан Кыргызстандагы эң күчтүү музыканттарды жыйнап, “Старики разбойники” деп атап жаңы топ түздүк. Эми сиздердин батаңыздарды алып, Орусия, Түркия, Германия мамлекеттериндеги мекендештерге ушул түзүм менен ыр, күлкү тартуулайлы деген максатта, кыргыздын маданиятын даңазалоону көздөп, бүгүн сиздердин алдыңыздарга биринчи жолу чыгып репетиция кылып алдык”. Күйөрмандар концерт аягына чыкканына карабай Гүлжигит мырзаны тер акканча ырдатып, сахнадан көпкө чейин узатышкан жок. 






"Концертке 1 миллион сомго жакын акча сарптадык" дейт Гүлжигит Сатыбеков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(109)
03.02.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эхх соонун болуптур Кыргызстаныма кетким келдиии.
03.02.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап эле жакшы болгон окшойт.Азаматсың брат! Чыгармачылык ийгилик!
03.02.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызтандын супер ырчысы ар бир чыгарган ыры хит
03.02.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун ар дайым ырларынызды жандуу ун мн аткара беринищ
03.02.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интермедиялары жакшы болгон окшойт)))):-)
03.02.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сахнанын жасалгасы да жакшы болгон окшойт
03.02.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу Гулжигит Сатибековдун концертине бир барышым барда
03.02.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
коруучулор чыгып бийлеп жиберишкен го ..дыкс дыкс болуптур да.жакшы элдин чери жазылыптыр..
03.02.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kg.sity93, дыкс дыкс деген созун олло жакты да аябай кулдум го:-)
03.02.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерти супер инфого жуктолобу
03.02.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sama1212, Саламатсызбы!
Мүмкүн болору менен жүктөгөнгө аракет кылабыз.
03.02.2015. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охоооо сонун болгон окшойт Азаматсыз.
03.02.2015. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Iygilik orkununuz oso bersin Aksynyn atyn alyska taanyta beriniz Akem.
03.02.2015. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суперден чыдамсыздык менен күтөм. Бирок концерттин өзүнө барган керемет да. Ийгилик Гүлжигит мырзага.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: