Бишкекте бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган 2 миң бөтөлкө арак алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек
шаарынын аймагындагы контрафакттык алкоголдуу продукцияларды сатуу фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча салыктык көзөмөлдөө рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу 3-февралда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Рейддин жүрүшүндө кампа имараттарынан көлөмүнө дал
келбеген акциздик маркалар чапталган, «Столичный винно-водочный завод»
ЖЧКсына таандык болгон алкоголдук продукция табылды.
Салыктарды толук көлөмдө төлөбөө максатында 0,25
литрге чапталуучу акциздик маркалар 0,5 литрге чапталган. Бардыгы болуп 2292 бөтөлкө алкоголь алынды. Материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн ишкананын катталган орду
боюнча салык органына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.