Чиновниктерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирчү мыйзам долбоору комитетте 3-окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-февралдагы жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда жактырды. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган демилге боюнча 2-окууда берилген сунуштар кабыл алынганын демилгечи депутат Кожобек Рыспаев комитет мүчөлөрүнө билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

