super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик органдарга жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде жооп берүү милдеттендирилүүдө

 

Мамлекеттик органдарга жарандардан келген кайрылууларга 14 күндүн ичинде жооп берүү милдеттендирилүүдө. Мыйзам долбоорун бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 3-окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберди. Демилгечи, депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мамлекеттик орган жарандардан келген кайрылууларга жазуу жүзүндө 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. “Эгерде мамлекеттик орган кайрылууга тиешелүү материалдарды издеп, башка органдарга кайрылса, алардан да жооп 14 күндө келет. Жалпы 28 күнгө узартылууда. Негизинен 14 күндө жооп бериши милдеттендирилет”,- деди Алтыбаева.

Бул норманы бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышары айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: