Бишкекте пикир келишпестиктен улам кайнисин бычак менен сайып өлтүрүп алган жаран кармалды

Бишкек шаарында пикир келишпестиктен улам кайнисин бычак менен сайып өлтүрүп алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 02:00 чамасында милицияга кайрылуу түшкөн. Анда Көк-Жар кичи районунда адам өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу билдиришкен. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери жездеси менен кайнисинин ортосунан уруш чыгып, жездеси столдун үстүндө турган бычак менен эки-үч жолу төш тарапка сайып салганы аныкталган. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Бул кылмышка шектүү катары үйдөн алыс эмес жерден 29 жаштагы жаран кармалган. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Ern

03.02.2015. 11:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо кудайым өзүң сактай көр, адамдарга ыйман бер.
Akmosha

03.02.2015. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элибизде сабырдуулук жоголуп баратат,кыжындашып кетсе эле бычак колдонушуп.Аллахым элиме сабыр бере кор!Маркумдун жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун!
temirov76

03.02.2015. 15:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин кобу эле нерв ооруу боло баштагандай сезилет мага,бул азыркы жеген тамагыбызданбы билбейм,АЛЛАХ баарыбызга сабырдуулук берсин.
Boldukan86

04.02.2015. 00:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай женил характердеги эркектер опасный. кичине болсо эле озун кармай албай калышат. аягы эмне болду эми.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.