super.kg logo
  Саясат  

"Ахматбек Келдибековдун айлыгын бербей коюуга акыбыз жок" дейт депутат Алтыбаева

 

"Жогорку Кеңештин депутаттары Урмат Аманбаева менен Ахматбек Келдибеков жана алардын жардамчылары ушул күнгө чейин Жогорку Кеңештен маяна алышууда". Муну депутат Айнуру Алтыбаева бүгүн, 3-февралда билдирди. Анын айтымында, аталган депутаттар сот тарабынан "айыптуу" деп табылмайынча аларга айлык берүү токтотулбайт.

“Алардын айлыктарын бербей коюуга акыбыз жок. Сот тарабынан “айыптуу” деп чечим чыкмайынча айлык алышат, учурда да алып жатышат. Ал эми кеңешчилери менен жардамчылары фракциянын иштери менен алек болушууда”,- деди Алтыбаева.

Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, өткөн жылдын күзүндө камакка алынган эле. Быйыл август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кеткен.  

Урмат Аманбаева мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтирген” деп айыпталууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес. Жакында Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: