super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "Быйыл айыл чарбасынын экспорттук кубатын күчөтүүгө 100 миллион доллар жумшалат"

 
Ош облусунда 2014-жылы 701 миң тонна көмүр өндүрүлдү, бул пландагыдан 99 миң тоннага көп. Маалыматты 2-февралда Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков обладминистрациянын коллегиялык жыйынында билдирди. Жээнбеков былтыркы өндүрүш тармагында алдыга жылыштарды атады. "Айыл чарба тармагында өткөн жылы 34 миллиард 518 миллион сомдук товар өндүрүлдү. План боюнча 1 миллиард 487 миллион сом салык жыйналышы керек болсо, 1 миллиард 555 миллион сом жыйналды",- деди облус башчы. 
Өкмөттөн билдиришкендей, жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2015-жылга карата экономикалык пландар, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу тууралуу маалымат берди. "Быйыл айыл чарбасынын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө 100 миллион доллардан ашык каражат жумшоо пландалууда. Бажы союзуна кирүү менен өлкөнүн экономикалык түзүмү өзгөрөт",- деди Сарпашев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: