Министр Алмамбет Шыкмаматов кызматтан кетүүгө арыз жазды

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 3-февралда кызматтан
кетүүгө арыз берди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Маалым болгондой, арызга премьер-министр
Жоомарт Оторбаевдин кол коюусу күтүлүүдө. Шыкмаматов кызматтан кетүү чечимин кабыл алууга акыркы чуулуу окуя себеп болгонун 2-февралда билдирген.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, Шыкмаматов басылмалардын бирине "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кайрылып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган. Коалициялык көпчүлүк маселени 2-февралда талкуулап, бирок бир жыйынтыкка келе алган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

