super.kg logo

СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева маданият министри Алтынбек Максүтов менен жолукту

 
Бүгүн, 3-февралда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Министр атактуу балеринанын Түркиянын Анкара шаарындагы жашоо-турмушуна, ишмердүүлүгүнө кызыгып, чыгармачылык туурасында баарлашты. 
Айсулуу Токомбаева Кыргызстандан алыс жүрсө да, туулган жердеги кырдаал менен дайым тааныш болуп турарын билдирип, маданият, профессионалдык искусствонун өнүгүшү боюнча көп ой толгоолорун ортого салды. Жолугушуу учурунда балерина анын ушул даражага жетишине түрткү болгон, эмгегин аябаган апасы, мыкты ырчы жана актриса Мунжия Еркимбаева тууралуу сөз кылды. Негизи эле кыздары Офелия, Айсулуу жана Гүлмиранын драмалык, хореографиялык жана музыкалык искусствону кесип катары тандап алууларына Мунжия Закировна менен кыздардын атасы, партиялык кызматкер, белдүү журналист Асанбек Токомбаевдин колдоосу зор болгон. 
Айсулуу Токомбаева министрдин өзгөчө көңүл буруп, ынтаа менен пикир алышуусуна ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде А.Максүтов кыргыздын сыймыгы болгон зор талант Айсулуу Токомбаевага бекем ден соолук, кайрат-дем, ийгилик каалап узатты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: