super.kg logo
  Саясат  

Бекмамат Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына көрсөтүү демилгеси комитетте колдоого алынды

 

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин 2 жолку чакырылышынын депутаты, мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү маселеси каралды.

Комитет мүчөлөрү Б.Осмонов жасаган эмгектери менен элдин эсинде калгандыгын, ал тууралуу жакшы кептер эл арасында бүгүнкү күндө дагы айтылып келе жатканын билдиришти.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү демилгени колдоп, парламенттин жалпы кароосуна жиберди.

Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов Жогорку Кеңештин 2 чакырылыштагы, мунун ичинде легендарлуу парламенттин депутаты болгон, 1991-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланган. Осмоновдун жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.
Бекмамат Осмонов 1997-жылы 28-октябрда дүйнөдөн кайткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: