Чүй облусундагы Суу чарба башкармалыгында өткөн тендер боюнча кылмыш иши козголду
Чүй облусундагы Суу чарба башкармалыгында өткөн тендер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын март айында гидротехникалык көтөргүчтү сатып алуу жана гидромеханикалык тетиктерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тендер жарыяланган. Бирок анын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар катталган. Алсак, аталган башкармалыктын кызмат адамдары документтерди жасоо аркылуу мыйзамсыз “К” ишканасын жеңүүчү деп табышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө “К” ишканасынан тендерге катышуу боюнча билдирүү келбегени тастыкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.